super.kg logo

Парламенттин төрагасы Индиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага алгач Арун Кумар Чаттерджини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.

“Элчи катары эки элдин калыптанган достук мамилесин жигердүү өнүктүрүп, жаңы деңгээлге көтөрөсүз деген терең ишеничтемин”,– деди төрага.

Муну менен катар Кыргызстан Индия мамлекети менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин айтты.

“Быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырып, мындан ары да байланыштарды чыңдоо башкы максатыбыз. Айрыкча экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү артыкчылыкка ээ. Анткени, 100 млн АКШ долларынын тегерегинде гана болуп жаткан соода байланыштарыбызды эселеп жогорулатуу учур талабы”, – деди Шакиев.

Өз кезегинде элчи Арун Кумар Чаттерджи жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылыгын айтып, Индия парламентинин төрагасы салам жолдогонун билдирди.

Ошондой эле элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу сөз кылып, инвестиция тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Мындан сырткары, Нурланбек Шакиевди Индияга расмий иш сапары менен барууга жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттери менен өтүүчү форума катышып келүүгө чакырып, кыргыз-хинди тилинин окшош сөздөрүн камтыган сөздүктү белекке берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: