super.kg logo

Жапаров: "Мурдагы президенттердин убагында мындай өнүгүү болору ойго да келген эмес"

 

"Мурунку президенттердин тушунда бүгүнкү күндө биз жетишип жаткан макро экономикалык көрсөткүчтөрдү, бюджеттик кирешелерибизди турмушка ашыра алабыз деген нерсе ойго келген дагы эмес", - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынтыктоочу жыйынынын жүрүшүндө.

"Ой күлүк болуп турса дагы, саясий коррупцияга жол берилбей, колу-бутубузду кесип турган. Саясий эрк болбосо азыркы аткарылган иштер асмандан түшмөк эмес. Эки жылдан бери жетишилген жетишкендиктер баарыбыздын биргелешкен иш аракеттерибиз", - деди төрага.

Эскерте кетсек, ушул тапта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат.

Учурда министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп жатат. Баяндаманы Акылбек Жапаров жасап жатат. Ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Жыйын УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз алып көрсөтүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: