super.kg logo

"Эмне деп былжырап жатасың дегим келди". Садыр Жапаров министрдин орун басарын сынга алды

 

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында өлкө башчы каржы министринин орун басары Руслан Татиковду Жогорку Кеңеште туура эмес жооп бергендиги үчүн сынга алды.

"Өткөндө Жогорку Кеңеште депутаттар "Акыркы 2 жылда канча карыз алдык?" деп суроо беришсе сиз 7 миллиард доллар деп жатасыз, "Жалпы канча карызыбыз бар?" десе, сиз 11 миллиард деп жатасыз. Бул цифраны кайдан алдыңыз?", - деди Садыр Жапаров.

Министрдин орун басары суроону туура эмес түшүнүп алганын, бул цифра 1992-жылдан берки цифра экенин белгиледи. Садыр Жапаров ага эскертүү берди.

"Мен силерди сыналгыдан көрүп жатып өзүм чуркап барып "Эй, эмне деп былжырап жатасың?!" жооп бергим келип кетти", - деди Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: