super.kg logo

"Мой О!" лотереясынын жыйынтыктары. Автоунаа кимге буюрду?

 

Бишкекте «Мой О!» лотереясынын финалдык ойнотуусу өтүп, дагы 9 iPhone 13 жана баш байге – Hyundai Elantra 2022 өз ээлерин тапты. «О!Деньги» капчыгынын идентификацияланган колдонуучуларынын баары лотереяга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жеңүүчүлөр кокус сандардын генераторунун жардамы менен аныкталды.

Жаңы автоунааны Бишкектин тургуну Эрулан Азимов утуп, ал акырына чейин мындай ийгиликке ишене алган эмес.

"Мага телефон чалышканда үйдө болчумун. Бул күтүүсүз болгондуктан, утканыма ишенген жокмун. Буга чейин мындай ойнотууларда ийгиликке жеткен эмесмин жана лотереяларга деле катышчу эмесмин. Бул жерде болсо, эч кандай аракет талап кылынган жок, тек гана капчыкты колдонуш керек болчу. «О!Деньги» аркылуу мен коммуналдык кызматтар менен айыппулдарды төлөйм. Бул абдан ыңгайлуу. Ошентип 475 билет топтогом. Баарын ушул сыяктуу ойнотууларга катышууга чакырам, чындап эле бардыгы таза болот экен. Кудай буюруп, менин билетим утуштуу болуп чыкты. Уюштуруучуларга мындай мүмкүндүктөрдү берип жатканы үчүн терең ыраазычылык билдирем", – деп бөлүштү Эрулан.

Финалдык ойнотуунун видеосун жана жеңүүчү менен интервьюну шилтемеден көрө аласыздар.

Лотерея 15-сентябрда старт алып, ушул күнгө чейин 100 кыргызстандык стилдүү iPhone 13 ээси болгонун эскерте кетели.

Бактылуу жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү udacha.o.kg сайтында.

«Мой О!» тиркемесин көчүрүп алыңыздар! Тиркеме пайдалуу функциялары менен гана эмес, эң сонун ойнотуулары менен дагы кубаныч тартуулоону уланта бермекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: