super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Кийинки жылы бюджеттин көлөмү 503 миллиард сомго жетет"

 

Кыргызстандын бюджети 2022-жылдын аягына 434,8 миллиард сомду түзөт. Бул көрсөткүч кийинки жылы 503 миллиард сомго жетет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн бүгүнкү, 28-декабрда өтүп жаткан жыйынтыктоочу жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында эки жылда өлкөнүн бюжети эки эсеге өскөн.

“Садыр Жапаров бийликке келгенде консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247 миллиард сом болсо, 2023-жылы 503 миллиард сомго жетебиз деп жатабыз. Ал эми акыркы 10 жылда салыктык түшүүлөрдүн эң көбү 70 миллиард сом болсо, 2022-жылдын аягына чейин 155 миллиард сом чогултулду”, - деди төрага.

Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, 2023-жылга карата иш план каралууда.

Жыйынга өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалысы астында өтүп жатат.

Ага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.12.2022. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түсү суук эшек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: