super.kg logo

"Умай Групп" - Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн 20 жылдык ийгиликтүү иш

 

"Умай групп" компаниясынын эмгек жааматы кыргызстандыктарды келе жаткан 2023-жыл, Жаңы жылы менен куттуктайт. Жаңы жыл бардык жаңы ийгиликтердин жана жеңиштердин башталгыч аянтчасы болушун каалайбыз. Бул жыл баарыбызга ден соолук, бакыт, тынчтык, бакубатчылык алып келип, каалоо тилектер орундалсын.

Жаңы жылдын алдында жыл жыйынтыгын чыгаруу адатка айланган. Өлкөнүн эң ири чекене сатуучусу "Умай групп" компаниясы үчүн 2022-жыл өзгөчө болуп калды. Анткени бул юбилейлик жыл эле. 20 жыл ичинде компания бир дүкөндөн Globus, “Народный” жана “Достор” соода түйүндөрүн башкарган тармактын лидерине чейин өстү. Азыр компания ири иш берүүчүлөрдүн жана салык төлөөчүлөрдүн бири болуп саналат. Ошондой эле компания экономиканы колдоо жана бааларды туруктуу кармап туруу боюнча өкмөттүн аракеттерин жигердүү колдоочу субъект.

"Умай Групптун" келе жаткан жылга карата чоң пландары бар.

Жаңы дүкөндөрдү ачуу жана тармактарды, анын ичинде өлкөнүн ар кайсы аймактарында кеңейтүү күтүлүүдө. Ал эми бул деген көп жумуш орундары түзүлүп, Кыргызстандын бюджетине салык төлөмдөрү көбөйөт дегенди билдирет.

Мунун менен бирге өлкөнүн экологиясын жакшыртуу жаатындагы долбоорлорду ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, компания буга чейин колдоого алган социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун каржылоону улантат.

“Умай Групп” компаниясы дүкөндөр тармагында соода кылган кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирет. Келе жаткан майрам көңүлдүү жана шаңдуу, ал эми жаңы жыл молчулукка бай болсун. А «Умай Групп» өз кезегинде мындан ары да өз кардарларына берилгендикти улантат жана аларды ар дайым сапаттуу тейлөө жана эң жагымдуу баада товарлар менен камсыз кылууга умтулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: