super.kg logo

Президент: "Чиновниктер ысырапкорлук кылбай, карапайым калкка үлгү болушу керек"

 
Президент Садыр Жапаров аткаминерлерди ысырапкорчулук кылып той бербей, элге үлгү болууга чакырды.

"Элден ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек. Аткаминерлер элге үлгү болгондун ордуна ашыкча чыгым жасап келген фактылар бар. Бул маселеге да көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден талап кылардан мурда аткаминерлер өздөрү үлгү болушу керек. Бизде той десе эле 500-1000 кишини чакырып, дүңгүрөгөн тойлорду беришет. Аларды көргөн карапайым калк акчасы жок болсо да намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип жатат", - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара кызматташуусун арттыруу зарыл экенин белиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Анда министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, 2023-жылга иш планы каралды.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Жыйын УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз алып көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.12.2022. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аферист, лөлү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: