super.kg logo

Өкмөт мыкты делген мамлекеттик органдарды аныктады. Тизме

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана мекемелердин ишине мониторинг жүргүзүлүп, баа берилгенин айтып, жыйынтыгын өкмөттүн жыйынтыктоочү жыйынынын алкагында жарыялады.

"Мындай ыкма үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын башында Швейцарияда өткөн стратегиялык документтерге мониторинг жүргүзүү боюнча аналитиктердин эл аралык форумунда сунушталган жана стратегияларды сапаттуу ишке ашыруунун деңгээлин жана ага мамлекеттик органдардын катышуусун жөнөкөйлөтүлгөн түрдө аныктоого мүмкүндүк берет", - деди Жапаров.

Талдоонун жыйынтыгы боюнча "мыкты", "жакшы", "канааттандырарлык" жана "начар" деген баа берилген.

— "мыкты" деген баа менен – 10 мамлекеттик орган;

— "жакшы" деген баа менен – 19;

— "канааттандырарлык" баасын – 3;

— 1 мамлекеттик органга "начар" деген баа берилген.

Иш-чаралар планынын аткарылышын талдоонун, мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй баа берилген:

"Эң жакшы" деген баа алган органдар:

- Мамлекеттик салык кызматы;

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- Ички иштер министрлиги;

- Коргоо министрлиги;

- Тышкы иштер министрлиги;

- Юстиция министрлиги;

- Улуттук статистика комитети;

- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги;

- Социалдык фонд.

"Жакшы" деген баага татыгандар:
- Экономика жана коммерция министрлиги;
- Финансы министрлиги;
- Саламаттык сактоо министрлиги;
- Айыл чарба министрлиги;
- Билим берүү жана илим министрлиги;
- Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши министрлиги;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Бишкек шаарынын мэриясы;
- Ош шаарынын мэриясы;
- Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү;
- Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү;
- Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү;
- Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү;
- Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү;
- Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү;
- Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү;
- Улуттук банк;
- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик.
"Канааттандырарлык" деген баага татыгандар:
- Энергетика министрлиги;
- Инвестиция боюнча мамлекеттик агенттик;
- Мамлекеттик курулуш.
Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иши "канааттандырарлык эмес" деп табылган.
Эскертсе кетек, бүгүн, 28-декбарда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү. Анын алкагында 6 маселе каралды.

Ошол эле учурда министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, 2023-жылга иш планы каралды.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты.

Жыйын УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз алып көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: