super.kg logo

Жогорку Кеңеш Орусия менен "Газпром Кыргызстан" мектеби боюнча келишимди ратификациялады

 

Жогорку Кеңештин 28-декабрдагы жыйынында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жалпы билим берүү уюмунун ишинин шарттары жөнүндөгү макулдашуу ратификацияланды.

Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова белгилегендей, макулдашуунун алкагында “Мектеп Газпром Кыргызстан” эки өлкөнүн мыйзамдарына ылайык билим берүү ишин жүргүзөт, окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө эки үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.

"Майыптыгы бар балдарды, социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдарын, ошондой эле окууда мыкты жетишкендиктери бар балдарды - окуучулардын жалпы санынын 20 пайызынан ашпаган квота боюнча акысыз окууга кабыл алуу укугу каралган. Алсак, 2022-2023-окуу жылында бул квота боюнча мектепте 125 бала билим алып жатат. Бул окуучулардын тамак-ашына жана окуусуна кеткен чыгым жыл аягында 26 080 521 сомду түзгөн. Бул чыгымдарды “Мектеп Газпром Кыргызстан” коомдук фонду көтөрөт", - деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал окуу жайды куруу жана ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн чыгымдарды "Газпром" ачык акционердик коому каржылаганын жана мектеп "Газпром Кыргызстанга" 20 жылга акысыз пайдаланууга берилгенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: