Чек талап кылып, байге утуп ал! Лотереянын үчүнчү утушу 30-декабрда болот
Эртең, 30-декабрда Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушун өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматында айтылат.
Утуш УТРК жана "Ала-Тоо 24" телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Саат 15:00дө башталат.
Бүгүнкү күндө лотереяга 176 миңден ашуун адам жалпы суммасы 19 миллиард сомго 18,7 миллион лотереялык ID-билеттер менен катышууда.
Үчүнчү турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бөлмөлүү батир, 2 электромобиль, 12 iPhone 13, 11 Samsung смартфону жана 26 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат.
Лотереянын расмий сайты: lottery.salyk.kg
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.