Президент бүгүн Бишкектеги бир катар объектилерди ачат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, өлкө башчысы "Келечек" балдар реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат.
Борбор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого арналган.
Ошондой эле ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачат.
Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.
“Келечек” балдар реабилитациялык борборунун ачылышын түз чагылдыруу 14:00дө башталат.
ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы казармасынын ачылышы болжол менен 15.00дө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.