Жапаров депутаттарды резиденцияга чакырды. Алардын айрымдары баратканын, кээ бири укпаганын билдирди

Эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков, "Өкмөт башчы бүгүн саат 18:00гө резиденцияга келип берүүбүздү өтүндү, эмнеге чакырганын ачыктаган жок, азыр жолдо баратам", - деди.
"Ынтымак" фракциясынын депутаты Балбак Түлөбаев, "Жыл жыйынтыгын чыгаралы дегенбиз деп чакырышты, бирок мен бара албай калам", - деди.
Ал эми депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Тазабек Икрамов бул тууралуу укпагандыгын билдиришти.
Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын резиденцияга чайга чакырганын, ага өкмөт мүчөлөрү жана каалоочу депутаттар катышарын жазып чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.