super.kg logo

Акылбек Жапаров өзгөчө статуска ээ болгон беш жогорку окуу жайдын ишин сынга алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга дейре өзгөчө статус ыйгарылган 5 жогорку окуу жайынын ишин сынга алды.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 29-декабрда өткөн кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров кабыл алынган чечимди ишке ашыруу боюнча иштер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканын белгиледи.

"Мен президентинин жарлыгынын аткарылышына канааттанган жокмун. Чечим кабыл алынгандан бери 6 ай өттү, бирок жогорку окуу жайлардын өнүгүү стратегияларын, келерки жылга конкреттүү иш пландарын, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана университетти башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды көрө алган жокмун.

Мүмкүн болушунча тез арада мүлктү инвентаризациялап, жатаканалардын абалы менен таанышып, убакыт, сапат жана натыйжалуулук менен өлчөнө турган конкреттүү максаттарды жана милдеттерди камтыган иш-чаралардын планы даярдалсын. Жогорку окуу жайлар инновациялык, креативдүү бизнес-идеялар менен чыгышы керек. Долбоорлор реалдуу жыйынтык берсе, ага колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө статус ыйгарылган.
Алар:
1. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
2. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
3. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
4. И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
5. Ош мамлекеттик университети.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: