super.kg logo

Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын текшерди

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында сакталып турган азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүн жана сактоо шарттары менен жеринде таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Төрөбаев эң көп пайдаланылган тамак-аш азыктарына кирген буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин корун мамлекеттик кампаларда ашыгы менен сактап туруу азык-түлүк коопсуздугунун алдын аларын белгилеген.

Ошондой эле ал Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан өсүмдүк майын өндүрүү боюнча иш алып барган “Ли Бин” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев, мамлекеттик “РСК Банк” жана “Айыл Банк” банктарынын жетекчилерине азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого катышкан ишканалардын арыздарын биринчи кезекте кароону тапшырды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: