Садыр Жапаров төрт кызматкерге генерал наамын ыйгарды

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы генерал наамын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго жана ички иштер министринин орун басарлары Эркебек Аширходжаев менен Сүйүнбек Ниязбековго ыйгарды.
Президент генералдык погонду ИИМдин ички аскерлеринин аскер кызматкерлери үчүн жаңы казарманы ачуу салтанатында тапшырган.
Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнө сыйлыктарды жана автоунааларды тапшыргандыгы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.