super.kg logo

"Манас" аэропорту 5 миллионунчу жүргүнчүнү тейледи. Ага 100 миң сом берилди

 
29-декабрда «Манас» эл аралык аэропорту 5-миллионунчу жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 5 миллионунчу жүргүнчү Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген Абай кызы Наркиза болду.
"Буга байланыштуу «Манас 2» аэробекеттик комплексинде салтанаттуу иш-чара өттү. 5-миллионунчу жүргүнчүнү мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү тосуп алышты.
«Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов 5-миллионунчу жүргүнчүгө «МЭА» ААКнын корпоративдик белектерин жана 100 миң сомдук сертификат тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Абай кызы Наркизага «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы 2 акысыз билет тапшырган. «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКсы юбилейлик жүргүнчүгө «Манас» аэропортунун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек катары тартуулады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: