super.kg logo

Forester компаниясы 2022-жылы Кыргызстандагы №1 дистрибьютор статусун тастыктады

 

Forester компаниясы жыл жыйынтыгын чыгарып, 2022-жылы ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор менен бөлүштү.

"Өтүп жаткан жыл компания үчүн эң активдүү жана окуяларга бай жыл болуп калды, биз дистрибьютор портфелибизди жана базардагы үлүштү бир топ жогорулаттык. Азыркы учурда товарлардын бай ассортименти ар кандай категориялар боюнча берилген: турмуш-тиричилик химиясы, балдар тамак-аш азыктары, азык-түлүк, гастрономия, шарап жана арак азыктары, сандык курамы боюнча 190 бренд жана 3700 продукт аталыштарын камтыйт. Бөлүштүрүү географиясы бүтүндөй Кыргызстанды камтып, соода түйүндөрүнүн саны 15 миңден ашты.

Негизги эл аралык бренддер бизге ишенип жатканы бизди кубандырат жана биз өз кезегинде республикага калк үчүн жогорку сапаттагы продукцияларды алып келебиз”, - деди компаниянын коммерциялык директору Владимир Папырин.

Компаниянын ишмердүүлүгүнүн географиясы кеңири сатуу рыногун камтыйт. Forester компаниясынын филиалдары Кыргызстандын 7 облусунда жайгашкан, суб-дистрибьюторлор өлкөдөгү 8 шаарда көрсөтүлгөн.

Компаниянын ийгиликтүү ишинин индикатору жана 2022-жылдагы лидер статусунун ырастоосу болуп “Республикадагы №1 дистрибьютор” номинациясында алынган Кыргызстандын улуттук сыйлыгы саналат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: