super.kg logo

Президент республикалык адистештирилген борбордун тарбиялануучуларына белектерди тартуулады

 

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан Токмок шаарындагы борбордук нерв системасы жабыркаган жана психикалык жактан жабыркаган балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо боюнча республикалык адистештирилген борборунун тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн, 31-декабрда камкордукка жана колдоого өзгөчө муктаж балдарга көңүл буруу максатында жаңы жылдын алдында аталган борбордун тарбиялануучуларына мамлекет башчысынын атынан белектер тапшырылды.

Асель Чынбаева балдарды Садыр Жапаровдун атынан келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук жана бакыт каалады.

Адистештирилген реабилитациялык борбор – оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдарга жана төрөлгөндөн 4 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө, анын ичинде 7 жашка чейинки өзгөчө муктаждыктары бар балдарга медициналык-социалдык жардам көрсөтүүчү медициналык-социалдык, реабилитациялык жана билим берүүчү саламаттык сактоо уюму.

Реабилитациялык борбордун кызматынан ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, жетим балдар пайдаланышат: ден соолугунан майыптыгы бар балдар, кароосуз калган балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар, ошондой эле зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон балдар.

Учурда борбордо 51 бала бар. Анын ичинен: бир жашка чейинки балдар – 5, бир жаштан үч жашка чейин – 19, үч жаштан жогору - 27 бала. Жалпы балдардын 37си ден соолугунан майыптыгы бар балдар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: