“Тазалык” ишканасы шаардыктардан таштандыны урналарга таштоону өтүндү
Бишкек шаардык "Тазалык" муниципалдык ишканасы бүгүн,31-декабрда күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, таштанды чыгарууга жалпы 60 адам, 7 атайын техника тартылып, борбордук аянтка атайын таштанды таштоочу урналар, 40 чоң желим контейнер жана 10 чоң контейнер орнотулат.
"Урматтуу шаар тургундары, сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин жумушуна кам көрүп, таштандыларды урналарга таштооңуздарды суранабыз", -деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле таштанды чыгаруу боюнча маселелер жаралса 0 (312) 34 00 21 номуру аркылуу кайрылса болору кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.