super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаттарынан Жаңы жылдык куттуктоо

 

Саналуу сааттардан кийин Жаңы 2023-жыл босогону аттап кирип келет. Жогорку Кеңештин депутаттары кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Эльвира Сурабалдиева: "Кыргызстандыктарды келе жаткан 2023-жылыңыздар менен куттуктайм! Ар бир жараныбызга ден соолук, узун өмүр каалайм. Ар бир үйдө күлкү менен шаң кетпесин. Келе жаткан жылы жакшылыктар коштосун".

Тазабек Икрамов: "Урматтуу кыргызстандыктар, баарыңыздарды кирип келген жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Элибизде аманчылык, тынччылык болсун. Коён жылында мамлекетибиз өнүгүп-өсүшүнө тилектешмин.

Талант Мамытов: "Жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Өткөн жыл жаман жыл болгон жок, бирок көп кыйынчылыктар болду. Ага карабай жалпы элибиз менен биргеликте ошол кыйынчылыктарды жеңип чыктык. Алдыдагы жыл ийгиликтин, жакшылыктын жылы болсун".

Дастан Жумабеков: "Урматтуу кыргызстандыктар, кирип келген 2023-жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сизедрге албан-албан ийгиликтерди, чексиз жакшылыктарды каалайм. Ойлогон бардык ой-максаттарыңыздардын ишке ашуусуна тилектешмин."

Башка дагы эл өкүлдөрүнүн куттуктоосун толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: