Өлкөдө фонограмма менен ырдоого тыюу салынды
Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка 2022-жылдын 30-декабрында маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койду.
Министрликтен билдиришкендей, 1-январдан тартып бардык маданий иш-чараларда вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылууга тийиш.
"Министрликке караштуу мамлекеттик бардык маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепкана) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын", - деп жазылган буйрукта.
Ошондой эле буйруктун аткарылышын маданият министри өз көзөмөлүнө алары маалымдалган.









1 |