super.kg logo

Ош шаарында скважиналарды калыбына келтирүү иштери башталды (фото)

 

Кечээ, 2-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таза суу менен камсыздоону жакшыртуу жана жаан-чачын, сел учурунда ичүүчү суунун дебитин көбөйтүү максатында эски скважиналарды калыбына келтирүү иштеринин башталышы менен таанышты. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, калаа башчы Сай-Бою көчөсүнө барып, андагы иштебей турган эски скважинаны калыбына келтирүү иштерин көрдү.

Мэр Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына скважинаны реабилитациялоо (тазалоо иштери, насосту алмаштыруу) иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүүнү тапшырды. Аны менен катар суу түтүктөрүн куруу жана линияга туташтыруу иштерине даярдык көрүү жагы белгиленди.

Ош шаарында иштебей турган эски скважиналарды калыбына келтирүү, ошондой эле жаңы скважиналарды бургулоо боюнча комплекстүү иш-чаралар пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: