super.kg logo

"Көпчүлүк аймакта кар жаайт". 4-январга күтүлгөн аба ырайы

 

Эртең, 4-январда өлкө аймагында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында көпчүлүк аймакта кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Кабарлангандай, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Ал эми күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +2…+4 градус болот.

Мындан сырткары жолдор тайгак болору эскертилди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: