super.kg logo

Министрлик дарыгерлердин кармалышы боюнча үн катты

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте баланын өлүмүнөн улам дарыгерлердин кармалышы боюнча үн катты. Министрлик билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

"Саламаттык сактоо министрлиги балдар дарыгерлерине байланыштуу болуп жаткан окуяны өкүнүч менен белгилейт. Тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыктан, бүгүнкү күндө биз аларга таасир эте албагандыктан, кырдаалга байкоо салып гана тура алабыз. Буйурса жакынкы күндөрү алардын чыгышына ишенебиз жана үмүт артабыз", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик чарчап калган наристенин жакындарына көңүл айткан.

"Ооба, дарыгерлер айрым учурда медициналык жардам көрсөтө албай калышат, бирок бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн акырына чейин зарыл болгон нерселердин баарын жасайт. Бул окуяга байланыштуу медицина чөйрөсүндөгүлөр жумушун таштап же иштен кеткиси келип жатканы тууралуу кептер айтыла баштады. Бардык медиктерди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме дарыгерлердин туугандары жана жакындары менен байланышта болуп, колдон келген жардамды берип жатканын белгиледи.
"Ошондой эле, мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлери кармалган. Белгилүү болгондой, беш дарыгерге №1 тергөө абагында калтыруу боюнча баш коргоо чарасы тандалган, дагы бир дарыгер үй камагына чыгарылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: