super.kg logo

“Кумтөр”, "Кемпир-Абад" жана Баткен". Жапаров өткөн жылда өлкө үчүн эң маанилүү нерсени атады

 

Өткөн жылда өлкө үчүн эң маанилүү нерсе “Кумтөр”, Кемпир-Абад жана өксүгү айыга элек Баткен окуясы болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Бул пикирди улай журналист: "Ооба, “Кумтөр”, Кемпир-Абад жана Баткен жаңжалына байланыштуу маселелер эң талаштуу, эң резонанстуу жана актуалдуу болду. Аларга байланышкан коомдогу талаш-тартыштын аягы дагы да басаңдай элек...", - деген.

"Демек, алардын өлкөбүздүн келечегине тийгизген таасирин бир түрдүү баалоого болбойт, ошол үчүн басаңдабай жатат. “Кумтөрдү” элге кайтарып берүү экономикалык эмес, руханий иш экенин айтуудан тажабайм. Бул Кыргызстандын жаңы тарыхын эки башка этапка бөлгөн сызык. Кумтөрдүн кайтарылышы – бул өтө символикалык акт. Бул элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуубузду, өз күчүбүзгө ишенбөөчүлүктү жеңүү. Анткени көбү мындай татаал, жогорку технологиялуу өндүрүштү башкара албайсыңар деп, түз мааниде бизге өзүн кем сезүү комплексин таңуулашты. Эң негизгиси - коррупцияга катуу сокку болду. Анткени балык башынан сасыйт. Себеби Кумтөрдөн ижара акысын алган өлкө жетекчилиги коррупция менен күрөшө алмак эмес", - деген пикирин билдирген Жапаров.

- Ошондо биздин өлкөдө коррупция жеңилдиби?

- Коррупцияны принципиалдуу түрдө жеңүү мүмкүн эмес. Себеби ал бийлик жана адамдын табиятына кеңири сиңип калган көйгөй. Аны толук жок кыла албасак да, деңгээлин мүмкүн болушунча азайтса болот. Ал үчүн бийлик башында турган адамдар таза болушу керек. Азыр биз мамлекетибизди акырындан ичинен жеп жаткан негизги залалдуу шишикти алып койдук, эми калган метастаздары менен күрөшүү жеңил.

- Коррупция демекчи, сиздин оппоненттериңиз сизди көп учурда коррупция менен айыпташат.

- Уинстон Черчиллдин жакшы сөзү бар: "Сен ар бир үргөн итке таш ыргытсаң, эч качан көздөгөн жериңе жетпейсиң". Анын сыӊары, мага жасалган чабуулдарды карап отурганга убактым жок.

- Үчүнчүсү - Баткен?

- Баткен биздин кайгыбыз. Бир жагынан кайгы болсо, экинчи жагынан сыймык. Күчү толуп турганда курман болгон биздин жоокерлерибиз, жаштарыбыз, карапайым элибиз, балдарыбыз үчүн азап чексек, алардын эрдиги, туруктуулугу жана сабырдуулугу менен сыймыктанабыз. Бир муштум менен өлкө үчүн оор мезгилде тикесинен тик турган коомубуздун сыймыгы.

Баткен - ар кандай аскердик кагылышуулар сыяктуу эле эл, мамлекет үчүн чоң сыноо болду жана биз бул сыноодон татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти, башкача айтканда, кандайдыр бир коопсуздукту түзө алдык. Мен муну өкмөттүн ишине баа берүүдөгү маанилүү жагдай деп эсептейм.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.01.2023. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул убакка чейин эң чоң кызматтарда иштеп келдиң. Эмнеге мурунку замандарда ушинтип иштеген жоксун. Акаев Бакиев Отунбаева Атамбаев Жээнбеков баардык башчыларда иштедин
04.01.2023. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asmat84, азыр кыйратып жатыптырбы? Бул ууру илгери да уурдап келген, азыр да уурдап жатат миллиарддарды......
04.01.2023. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийлик окулдорунун президентге жагынышы болуп корбогондой осту бул тарыхта болбогон баланс жок жерде эч качан алдыга жылуу болбойт
04.01.2023. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кемпирабад Кыргызстандын тарыхындагы кара так. Ата-бабадан мурас калган жерди эки доопарас лолу сатты!!!
04.01.2023. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кумторду улутташтыруу Центерранын пайдасына чечилди. Акмак бийлик Центерранын бут шартына конуп берди, акмактар........
04.01.2023. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Баткенде 2 доопарастын айынан чыналуу, согуш болуп жуздогон омурлор кыйылды. Ошончо адамдын каны аркы дуйнодо болсо да мойнунда болот 2 лолунун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: