ӨКМ: "Чаткал районунда кар көчкү түштү"
Жалал-Абаддын Чаткал районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кечээ, 3-январда саат 22:27 чамасында Ала-Бука - Жаңы- Базар - Кировка унаа жолунун 99-100-чакырымында 700 куб метр, 96-чакырымында 250 куб метр жана 91-92-чакырымында 550 куб метр кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.
Кар көчкүнү тазалоо үчүн жерине 1 жүктөгүч, 3 грейдер, 1 манипулятор унаасы тартылып, саат 03:10до жол толук тазаланган. Ошондой эле жолдо калган 4 жеңил унаа чыгарылган.
Ал эми "Красная Горка — Ак-Таш" унаа жолунун 4-чакырымында саат 23:30 чамасында түшкөн кар көчкүнү тазалоого N27 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 манипулятор тартылды.
Жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.