Бүгүнтөн баштап Бишкекте троллейбус каттамы 2 айга токтотулат

Билдирүүгө ылайык, бул троллейбус каттамы канализациялык курулуш иштеринен улам токтотулат.
"Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо" II фаза долбоорунун алкагында, Асаналиев көчөсүн Красный көчөсүнөн баштап Лев Толстой көчөсүнө чейинки аралыкта Д-1000 мм канализациялык коллекторунун курулуш-монтаждоо иштерин баштоо пландалууда.
Ошол себептен 2023-жылдын 6-январынан тарта 7-троллейбустун маршруттук каттамы Лев Толстой көчөсү менен каттайт", - деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми №9 троллейбустук каттамы убактылуу жабылат, оңдоо иштери болжол менен 2 айга созулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.