super.kg logo

"11-январдан тарта катуу суук болот". ӨКМ жарандарга жана айдоочуларга кайрылды

 

Өлкөдө 11-январдан тарта өтө катуу суук болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Ага ылайык, синоптиктердин божомолунда 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак болуп, күрткү жаралат.
ӨКМ айдоочуларды унааны этияттап башкарууга, жарандарды алыскы сапарга чыкпоого чакырды.

“Аномалдык суук кыштоолордо малды кармоодо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбай, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз”, - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: