super.kg logo

Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-январда православ динин туткан кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Эгемендүүлүк алган отуз жылдан ашык убакытта көп улуттуу жана көп конфессиялуу элибиздин күчү менен мамлекеттүүлүгүбүз бекемделди. “Кыргыз жараны” деп аталган жарандык иденттүүлүк түзүү жолунда бирдиктүү жана күчтүү коомчулукка айланабыз деп ишенем.
Православ чиркөөсү ислам жана башка конфессиялар менен бирге жарандарыбыздын мүнөзүн калыптандырууда маанилүү роль ойноп келет. Ал эми бүгүнкү күндө ал биздин коомдук жыргалчылык, кайрымдуулук жана билим берүү иштеринде ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп саналат", - деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Мамлекет башчысы Рождество майрамы ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык, береке жана сүйүү алып келишин каалап, Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары эсептелет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: