super.kg logo

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин биргелешип курууга макулдашты

 
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6-январда Бишкекте өткөн үч өлкөнүн министрлеринин жолугушуусунда тараптар "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу өткөрүштү. Тактап айтканда, үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болушуна басым жасалган.
ГЭСти ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Таалайбек Ибраевдин айтымында "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга болгон даярдыктар башталды.
"Камбар-Ата-1" ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби биздин өлкө электр энергиясын импорттоочуга эмес, экспорттоочуга айланышы керек. Эгерде коңшу өлкөлөр менен биргеликте "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруп алсак, биздин мамлекетте электр кубатына болгон тартыштык бир топ жоюлат. ГЭСти курууга камылга көрүлүп, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 мегаватт", - деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.
Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой тургандыктарын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: