super.kg logo

ӨКМ иске уулануудан сактануу боюнча бир нече кеңештерди тизмектеди

 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иске уулануудан сактануу боюнча бир нече кеңештерди тизмектеп берди.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок болгондуктан, өзгөчө коркунучтуу. Иске уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт.
Транспорт каражаттарынан чыккан газдан, көмүртек кычкылынан, турмуш-тиричилик газынын чыгышынан же приборлордун иштен чыгуусунан, өрттөн да уулануу кооптуулугу бар экени айтылды.
"Уулануунун негизги себеби - мешти жылытуу эрежелеринин бузулушу, мештин эшиги өз убагында жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мештин жана мордун туура эмес иштеши, андагы жаракалар", - деп айтылат билдирүүдө.
Кишинин организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жараша уулануунун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат. Эң коркунучтуусу - адамдын өмүрү менен кош айтышуусу.
ӨКМ тараткан маалыматында иске ууланган адамды байкап калгандан аны токтоосуз сыртка алып чыгуу керектигин белгиледи.
Ууланган адамга жардам көрсөтүүнүн алгачкы кадамдары:
- аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
- бөлмөлөрдү желдетүү үчүн терезелерди, эшиктерди ачуу;
- жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), капталынан жаткыруу жакшы;
- адам эсин-учун жоготпосо (эси ообосо) анда таза абага үзгүлтүксүз чыгып, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылып, денени сүртүүсү зарыл;
- жабырлануучу эс-учун жоготсо, Тез жардам келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: