Шашылыш билдирүү! Өлкөдө жакынкы күндөрү катуу суук болот

Маалыматка ылайык, 9-11-январь күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
10-11-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;
Талас жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -7…-12;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…-8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8;
Нарын дубанында түнкүсүн -15…-20, күндүз -12…-17,
бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -15…-20;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -16…-21 суук болот.
12-13-январда абанын температурасы мындан да төмөндөйт:
Чүй, Талас дубандарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -14…-19;
Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14;
Нарын жергесинде түнкүсүн -26…-31, күндүз -17…-22,
бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -23…-28;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38, күндүз -23…-28 суук болушу күтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Баатырбек

08.01.2023. 15:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буйурганын көрөбүзда!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.