Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланды
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-январда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.
Ошондой эле мамлекеттик визиттин алдында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан сырткары дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.
"Тараптар эки мамлекет башчынын саясий эркинин аркасында акыркы жылдары өз ара ишеним жана коңшулук принциптерине негизделген эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынганын баса белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Б.Саидов толук колдоо көрсөтүп, министрликтин атынан элчилик менен жемиштүү өз ара аракеттенүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга жигердүү күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

