8-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 8-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, калган учурда жана башка аймактарда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Нарын дубанында түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;
Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.