super.kg logo

Энергетика министри электр ишканаларына күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырды

 

Кечээ, 7-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчыда Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жана Кочкордо Нарын электр тармактар ишканасынын кызматтык жамааты менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрдин орун басарлары Сабырбек Султанбеков, Таалайбек Толубаев жана "Улуттук энергохолдинг" ААКтын төрагасы Таалайбек Байгазиев, "КУЭТ" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков катышты.

Энергетиктер менен болгон жыйындын жүрүшүндө ишкананын жетекчилери 2022-жылы аткарылган иштер тууралуу отчёт беришти. Мындан тышкары 2023-жылга коюлган пландар тууралуу маалымат берилди.

"Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү талкууланды. Таалайбек Ибраев ишкананын жетекчилерине кардарларды ыкчам тейлөө максатында транспортту көбөйтүүнү, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин тездетүүнү, кызматкерлерди коопсуздук каражаттары менен толук кандуу камсыз кылуу тапшырмасын берди. Ошондой эле кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында баардык чараларды көрүп, ыкчам иш алып барууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары министр "Кыргызкөмүр" МИнин Балыкчыдагы көмүр базасына барып, калкка жана ЖЭБге ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү тууралуу жеринен маалымат алып, тиешелүү адистерге көмүрдү тынымсыз ташуу тапшырмасын койгондугу кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: