Бүгүн калаадагы карызы бар абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 9-январда Бишкек шаарындагы карызы бар 5600дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлө баштайт. Бул туурасында "Бишкек электр тармактар" ишканасынан маалымдашты.
"Мекеме ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат" деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.