super.kg logo

Бишкекте 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков изделүүдө

 

Бишкек шаарында 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков дайынсыз болуп изделип жатат. Маалыматты Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматтарга караганда, кечээ, 8-январда анын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Анда баласы 7-январда саат 5:00 чамасында Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыккан боюнча жүргөн жери дайынсыз болуп жатканын айтып, жардам сураган.

Аталган факты Ленин РИИБинин бирдиктүү маалыматтар журналына катталып, тергөөгө чейин текшерүү иштери башталган.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык чырай, көзү, чачы кара.

Бетинин сол тарабында шрамы бар.

Кийген кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара түстөгү топу, кара шым, кара түстөгү велосипед тээп жүргөн.

Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну өтүнөт: 0 (550) 223-333, 0 (704) 447-770, 0 (703) 401-600 же 102.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: