super.kg logo

Министр Таалайбек Ибраев күтүлүп жаткан суукка байланыштуу билдирүү жасады

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерге аномалдуу суукта электр жарыгын үзгүлтүксүз берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Таалайбек Ибраев кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүп, ыкчам иш алып барууга чакырды.
"Өзүңөр билгендей Кыргызстан боюнча тоолуу аймактарда өзгөчө суук болот. Алдыда күтүлүп жаткан катуу суук күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып баргыла. Энергетиктердин милдети калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү", - деди министр.
Ошондой эле ал тиешелүү адистерге алдыдагы суук күндөрдү эске алуу менен калкка жана ЖЭБге көмүрдү тынымсыз ташуу тапшырмасын койду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча ушул аптада Кыргызстанда катуу суук болору күтүлүүдө.






 Сиздин оюңуз 
rets 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: