super.kg logo

Кытай Кыргызстан жарандарына чек арасын ачты

 
Кытай Кыргызстан жарандарынын кирип-чыгуусу үчүн чек арасын ачты. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, КЭРге Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза алууга арыз бериши керек.
Ал эми "Торугарт" бекети Кытайдан Кыргызстанга унааларды жана жүктөрдү гана өткөрүүнү караган атайын алгоритм боюнча ишин улантууда.
Мындан тышкары, Кытайга баруучу жарандар үчүн:
- Кытайдын элчилиги же консулдугунан саламаттыгы боюнча атайын QR-код алуу талабы жокко чыгарылды;
- Кытайга сапар алган жарандар кетерден мурда 48 саат ичинде жасалган ПЦР-тесттин жыйынтыгы таза чыккандыгы тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек. Бардык жүргүнчүлөр учакка отургандан баштап бет кап тагынууга милдеттүү болот;
- Кытайга баргандан кийин ПЦР-тест тапшыруу жана жаматтык обсервацияда болуу талаптары алып салынды;
- Бардык жүргүнчүлөр ден соолугу тууралуу бажы декларациясын толтуруусу абзел;
- Эгер декларацияда ден соолугу начар экендигин көрсөткөн же дене табы көтөрүлгөнү байкалган болсо, ошол жерден антигенге тест тапшырат жана кандайдыр бир оору аныкталса абалына карап айыкканга чейин үй шартындагы карантин же ооруканада дарылануу сунушталат.
УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасынан өтүү жол-жобосу боюнча маселе жаралса 0 312 88 16 18 жана 0 312 54 38 36 номерлерине кайрылууну эскертти.
Эске салсак, 2020-жылдын башында CОVID-19 илдетине байланыштуу Кырызстан менен Кытайдын чек арасы жөө адамдардын өтүүсү үчүн жабылган. Былтыртан баштап учак аркылуу каттай башташкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: