super.kg logo

Гүлжигит Сатыбеков: "Кызым туулган күнүмдү куттуктап слайдшоу жасаптыр"

 

Дээрлик 15 жылдан бери сахнада жүргөн ырчы, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков 43 жашка чыкты.

Ырчы туулган күнүн үй-бүлөсү, дос-курдаштары менен өткөрүп жатат. Бул тууралуу аны куттуктап байланышканыбызда белгилүү болду.
"Айылда жүрүп шаарга жаңы келдим. Туулган күнүмдү үйдө үй-бүлөм, балдарымдын, дос-курдаштарымдын курчоосунда өткөрүп жатам. Кызым туулган күнүмдү куттуктап слайдшоу жасаптыр, аны өзүмдүн жеке баракчама жүктөп койдум", - дейт ал.

Гүлжигит Сатыбеков көптөгөн ырлардын, обондордун автору. Анын бир катар ырларын кыргыз эстрада ырчылары Гүлнара Кахарова, Каныкей, Самара Каримова, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова, Алмаз Шаадаев жана башкалар аткарып келишет.

Гүлжигит Сатыбеков 1980-жылы 9-январда Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында туулган. Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Коштошуу”, “Лейлектик кызга”, "Тико, "А балким" жана башкалар. Анын аткаруусундагы "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган. 2018-жылдын 4-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы тапшырылган.

9-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: