super.kg logo

Сокулукта 8 гектар жерге жаңы заманбап мал базар курулат

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүйдүн Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Өкмөт башчысы бир жыл мурун тапшырма бергенине карабай мал базардын абалы өтө начар бойдон экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал 8 гектар аянтка куруулуучу жаңы заманбап мал базардын курулуш долбоору менен таанышты.

"Бул объектте толук кандуу курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталышы керек. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу маселесин иликтеп чыгуу зарыл. Бул мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн иштиктүү жана натыйжалуу механизми. Кандай болгон учурда да Министрлер кабинети Сокулук районундагы жаңы мал базары үстүбүздөгү жылы ишке киришүүсү үчүн аны куруу долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөтөт", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: