super.kg logo

Дубайдын полициясы ырчы Анжеликанын бир жыл мурун жоготкон 30 миң долларлык саатын таап берди

 

Дубай шаарынын полициясы эстрада ырчысы Анжеликанын мындан бир жыл мурун жоготкон баасы 110 миң дирхам болгон (30 миң доллар) саатын таап берди. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Анжелика Кайратова аэропортко барар алдында мейманкананын бөлмөсүндө саатын жоготуп алган. Ал Кыргызстанга келгенден кийин гана сааты жоголуп кеткенин билген. Бул тууралуу ырчы арыз менен кайрылган эмес.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын директору, генерал-майор Жамал Салем Аль Жаллаф билдиргендей, департаментке мейманканадан кыргызстандык турист кымбат баалуу саатын унутуп калгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Каттоодо калган номер туристтик агенттиктин номери болгондуктан сааттын ээси менен дароо байланыша алган жокпуз. Кошумча иликтөөлөрдөн кийин биз анын байланыш маалыматын алдык жана дароо телефон номери жана социалдык тармактагы аккаунту аркылуу байланышууга аракет кылдык, бирок майнап чыккан жок", - деген ал.

Ырчы Анжелика Дубайга барып, полиция жоготуп койгон саатын кайтарып бергенине таң калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: