10-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, эртең, 10-январда өлкө аймактарында кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 … -7, күндүз -1 … -6;
Талас жергесинде түнкүсүн -3 … -8, күндүз -2 … -7;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2 … +3, күндүз -1 … +4;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 … -8, күндүз +1 … +6;
Нарын дубанында түнкүсүн -14 … -19, күндүз -5 … -10;
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3 … -5, күндүз -2 … -4 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.