Окуучулардын кышкы каникулу узартылды
Өлкөдө окуучулардын кышкы каникулу 16-январга чейин узартылды. Маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен тастыкташты.
Маалымдалгандай, каникулдун убактысы жакынкы күндөрдө күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу узартылган.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине окуучуларды онлайн окутууну сунуштаган болчу.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ өлкөдө 11-январдан тарта өтө катуу суук болушу күтүлөрүн маалымдаган. Өлкөдө окуучулардын кышкы каникулу 30-декабрда башталып, 10-январга чейин созулат.
Республика боюнча жалпы 2333 мектеп бар. Анда 1 миллион 400 миңден ашык окуучу билим алып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.