super.kg logo

Сокулук районунун акимин кызматтан четтетүү сунушу айтылды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарындагы мал базарларынын абалы боюнча видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, жыйындын жүрүшүндө Жапаров президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин сынга алып, Сокулук районундагы мал базардын абалы канааттандырарлык эмес экендигин белгиледи.

"Бүгүн эртең менен мен Сокулук районундагы мал базарда болдум, анда сатуучуларга да, сатып алуучуларга да жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Президентке Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошотуу, ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоо тууралуу сунуш киргизем", - деди Жапаров.

Ал ошондой эле бир жыл мурун эле бардык мал базарлар иретке келтирилиши тийиш болгонун кошумчалады.

Андан соң президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мал базарларды иретке келтирүү алкагында аткарылган иштер боюнча маалымат беришти.

"Жаныңарга резина өтүк алып, дем алыш күндөрү мал базарларды кыдырып чыгыңыздар. Республиканын тургундарынын жарымынан көбү мал чарбачылыгы менен алектенет. Алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бериңиздер. Тийиштүү чара көрүп, жыйынтыгын элге көрсөтүңүздөр, сиздердин кандай иштеп жаткандыгыңыздарды ар бир адам көрсүн", - деп белгиледи Жапаров.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысына Сокулук районунун мал базарын иретке келтирүү боюнча иштердин жүрүшү көрсөтүлдү, учурда соода жүргүзүлүүчү аянтты тегиздөө иштери жүрүүдө жана шагыл-кум аралашмасы төшөлүп жатат.

"Бул иш өткөн жылы жасалышы тийиш эле. Болгону маселени көзөмөлгө алуу керек болчу. Мындай иш болбойт. Бул облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнө акыркы эскертүү", - деп жыйынтыктады Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: