super.kg logo

Сауд Арабия ажылык үчүн Кыргызстанга быйыл канча квота бөлгөнү маалым болду

 

Сауд Арабиянын ажылык министрлиги Кыргызстанга быйыл 6000 квота бөлдү. Бул тууралуу 9-январда муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, муфтий Замир кары Ракиев Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2022-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары Кыргызстан өткөн жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, быйылкы жылы дагы бардык талаптар аткарылат деген тилектештигин айткан.

"Тараптар 2023-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, Сауд Арабия Кыргызстанга 6000 квота берилгендигин билдирди. Муну менен катар Абдель Фаттах бин Сулейман эгерде COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыгып кала турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин эскертти", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 жаран кезек күтүп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.01.2023. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арабкулдар! Арабтын ондурушуно жана арабтын жаны торолгон баласына 10 000$ жолок пул которуп баргыча. Душмандан орттогон "Баткен" Элине жардам бергиле. 6000х 12 000$= 72 000 000$. Орто эсепте. 72 000 000$ х 85 = 6 120 000 000 Кыргыз окмоту 3 500 000 000 болуп. Баткендеги орттогон, бузулган уйлорду куруп бутподу. Кыргыздын жеринен деле. Бейишке чыкыла. Арабтын жерин азиздебей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: