super.kg logo

Үй-жайсыз адамдар суукта баш калкалай турган жайлар (даректери)

 

Бишкек шаарындагы туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар жарандарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу мэриянын маалыматында айтылат.

Ага ылайык, мэриянын социалдык өнүктүрүү департаментине тиешелүү 9 мекеме бар. Анын ичинен жетөө стационардык тибинде болсо, бир мекеме күндүзгү келүүчүлөрдү кабыл алып, дагы биринде консултация берилет.

Мындан тышкары кыш мезгилинде калаанын айланасында үй жайсыз жарандарды кабыл алуу үчүн убактылуу 2 жай ачылган.

Калаада жайгашкан үй жайы жок жарандар үчүн убактылуу жайлардын даректери:

Октябрь районунун аймагында, тагыраагы 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө 60 адамга ылайыкталган жай. Райондук социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов. Сурап-билүү телефону: 511938, 0708880218

Ал эми Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында, Фере көчөсү 34А дарегинде жайгашкан. Эркин Мамаев Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси. Сурап-билүү телефону 360335, 0706 168877.

Ленин району. "Центр милосердия" борбору, Трудовая көчөсү 10 дарегинде жайгашкан. Ага кыйчалыш абалда калган балалуу аялдар бара алат. Байланыш номерлери: 644871, 0550 546622

Кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болот жана зарыл медициналык жардам системалуу түрдө көрсөтүлөт.

"Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо 102 (милиция) жана 103 (Тез жардам) телефондоруна чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: