"Көпчүлүк аймакта кар жаайт". 11-январга карата аба ырайы
Эртең, 11-январда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -7…-12;
Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -5…-10;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -9…-14;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -8…-10 градус болот.
Жолдорго муз тоңо турганы да кабарланды.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.