Санкт-Петербургда сабалып каза болгон кыргыз жигити: Анын сөөгү мекенине жөнөтүлөт

"2023-жылдын 1-январында Санкт-Петербург шаарында 1998-жылы туулган Кыргыз Республикасынын А.О. аттуу жараны башынан жаракат алып, И.И.Жанелидзе атындагы Санкт-Петербург шаарындагы тез жардам илимий-изилдөө институтуна келип түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, кафеде ичимдик ичип отурган достордун ортосунда чыр чыккан. Мас абалындагы жаңжалдын катышуучусу КРнын А.О. аттуу жаранын бутылка менен башка чапкан, анын кесепетинен ал баш мээсинен жаракат алып, ушул жылдын 7-январында ооруканада каза болгон", - деп билдиришти элчиликтен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кийинки тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жүк-200дү Кыргыз Республикасына жөнөтүү үчүн керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.