super.kg logo

Нурланбек Шакиев Бишкектеги №48 бала бакчага заманбап компьютерлерди алып берди

 

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесине барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Аталган бала бакчадан төраганын дарегине кайрылуу түшүп, компьютерге муктаждык бар экени айтылган. Нурланбек Шакиев кайрылууга кайдыгер карабай, бөбөктөргө зарыл болгон заманбап компьютерлерди алып барды", - деп айтылат маалыматта.

Төраганы депутат Шайлообек Атазов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп барды.

Кошумчалай кетсек, азыркы тапта №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесинде начар уккан, интеллектуалдык өнүгүүсү төмөн, сүйлөө кеби начар өнүккөн 3 жаштан 7 жашка чейинки курактагы жалпы 222 бала тарбияланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: